ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
2024-жыл 25-январы №9
“Ынтымак айылындагы аты жок көчөгө Амираев
Кадырбектин атын коюу жөнүндө”
Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылынын тургуну Амираев Адылбектин жазган арызын жана 2022-жылдын 08-декабрындагы өткөрүлгөн чогулуштун чечимин карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 25-январындагы кезектеги ХХIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, түндүк чыгыш тарабынан аты жок көчө менен чектешкен, ал эми түштүк батыш тарабынан таш майдалоочу завод менен чектешкен Ынтымак айылындагы аты жок көчөгө “Амираев Кадырбек”тин аты ыйгарылсын.
2.Бул көчөдөгү үйлөрдү номерациялоо, вывескаларды даярдап илдирүү жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу жагы Амираев Адылбекке жүктөлсүн.
3.Амираев Кадырбектин аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме, уюмдарга маалымдоо Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовго милдеттендирилсин.
4.Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрайымы: | М.С. Алтыбаева |