Редакцияот 27.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышын кезексиз ХXIV–сессия

 

2023-жылдын 27-октябры № 2

Ленин айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгашаларына бөлүмдөр жана статьялар аралык жылдыруулар жөнүндө 

Кыргыз  Республикасынын  Бюджеттик кодесинин 115-беренесинин 4,6- пункттарына  ылайык Ленин айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген  жергиликтүү бюджеттин чыгашаларына  бөлүмдөр  жана статьялар аралык  жылдыруулар жөнүндө финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдеттин аткаруучу Ч.Сулайманованын билдирүүсүн угуп, талкуулап Ленин айылдык кенеши токтом кылат:

 

                                           

  1. 2023-жылдын бюджетинин ЖКХ-бөлүмүнүн 3112-машиналар жана жабдуулар беренесинде калдык эсебинен каралган таштандыларды  чыгарууга долбоор менен автомашина сатып алууга каралган 1500 000 сом акча каражаты пайдаланбай калгандыгына байланыштуу

 

-        Жыгач-Коргон айылындагы жаңы конуштарга эл.столбаларын жана электр түтүкчөлөрүн сатып алууга 706-ЖКХ бөлүмүнүн 3111-имараттар жана курулмалар  беренесине – 596,5-миң сом, 3112-машиналар жана жабдуулар беренесине суу  чыгарууга  насос жана шит сатып алууга  270,0 миң сом жана сууну  эсептөөчү счетчиктерди  сатып алууга 30,0 -миң сом, жалпысы -926,50 мин сом.

-        А.Тажибаев атындагы орто мектебинин  терезелерин пластик терезелерге алмаштырууга 70921-бөлүмүнүн 3111-имараттар  жана  курулмалар беренесине 530,0 -миң сом жылдырылсын.

 

  1.  Кыргыз  Республикасынын  “мамлекеттик сатып  алуулар” мыйзамына ылайык  “мамлекеттик сатып алуулар”  порталына жарыя берүүдөн үнөмдөлгөн  акча каражатын  анын ичинен

 

 

-        7011-башкаруу бөлүмүнүн 2214-транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн беренесинен 6,2-миң сом,  2215- ар түрдүү чыгымдар беренесинен 146,4-миң сом

-        706-ЖКХ бөлүмүнүн 2215-ар түрдүү чыгымдар  беренесинен 85,0-миң сом, 2221-мүлктү  учурдагы оңдоо беренесинен 10,9-миң сом ,  3112-машиналар жана жабдуулар  беренесинен  4,4-миң сом.

-        70921-Билим берүү бөлүмүнүн  2215- ар турдуу чыгымдар  беренесинен 2,2 миң сом

-        70911-билим  берүү  бөлүмүнүн 2215-ар турдуу  чыгымдар  беренесинен 17,8-миң сом,

-        70823-маданият  бөлүмүнүн  2215- ар турдуу  чыгымдар беренесинен  12,5 -миң сом , жалпысы 285,4- миң сом

 

2023-жылдагы сметада  балдар бакчасына тамак-аш азыктары  нормадан аз бекитилип  калгандыгына  байланыштуу

 

-        70911-билим берүү бөлүмүнүн  2218-тамак- аш  азыктар беренесине  164,9-миң сом

-        70629 -ЖКХ  бөлүмүнүн  3112-машиналар жана жабдуулар  беренесине таза суу насосун оңдоого  104,0-миң сом,  2214-запастык  бөлүктөрдү алуу  беренесинен  МТЗ-82 тракторуна  запастык боллон (донголок)  сатып алууга 60,0-миң  сом жылдырылсын.

 

Бюджеттин бекитилген  планына өзгөртүү  Кыргыз Республикасынын  Финансы Министрлигинин  Сузак райондук финансы башкармалыгынан  суралсын.

 

Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Ленин айылдык кеңешинин  туруктуу боюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.

 

3.    Токтом расмий сайтка жарыялангандан жана юстиция башкармалыгынан  каттоодон өткөрүлгөндөн тартып  күчүнө кирет.

Төрага

Н.Калмуратов