Редакцияот 27.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышын кезексиз ХXIV–сессия

 

2023-жылдын 27-октябры № 3

Ленин айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн планын жогорлатуу жана чыгаша бөлүгүн беренелерге ылайык чыгымдоо жөнүндө                                                   

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык бюджеттин киреше  бөлүгүнүн  планын жогорлатуу жана чыгаша бөлүгүн беренелерге ылайык  чыгымдоо жөнүндө финансы -экономика бөлүмүнүн башчысынын  милдетин аткаруучу  Ч.Сулайманованын билдируусун  угуп,  талкуулап Ленин айылдык кенеши токтом кылат :                              

 

1.     2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен пландан ашыкча түшкөн кирешелерден  718,7-миң сом анын ичинен 11111100-киреше  булактарынан кармалган киреше салыгынын планы 250,0-миң сомго 14151200-жер  казынасынан  пайдалануу  укугуна лицензияны кармоо  учун акы 40,0-миң сом,

21412100-айыл чарбасына жараксыз  жерди сатуудан  каражаттын планы  428,7-миң сомго көбөйтүлсүн.

2.     Жогоруда белгиленген кирешелер эсебинен  Кыргыз Республикасынын  бюджеттик кодексинин 130-беренесине ылайык, бюджеттик  баланстуулукту   камсыздоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгү

-       70911-билим берүү бөлүмүнүн 3112-машиналар жана жабдуулар беренесине “Мээрим” балдар бакчасына таза суу киргизүүгө  сантехникалык материалдык сатып алуу  учун 34,0-мин сом,  “Айти-Ата” балдар бакчасына кыш мезгилине карата жылуулук системасын от менен жылытуу  үчүн 440,7-миң сом

-       70921-билим берүү  бөлүмүнүн 3111-имараттар жана курулмалар беренесине № 27 Ю. Гагарин мектебине  спорт залына жылытуу  системасын орнотууга 84,0-миң сом

-       710-Элге социалдык жардам бөлүмүнө 2721-беренесине жакыр үй-бүлөлөргө кыш мезгилине карата  көмүр менен камсыз кылууга -80,0 миң сом

-       70823-маданият  бөлүмүнүн 2215- ар турдуу чыгымдар беренесине  жаңы жылдык  балаты майрамына карата иш-чара өткөрүүгө -80,0миң сом

-       Атайын каражаттан балдар бакчасындагы балдардын саны көбөйгөндүгүнө байлагыштуу 290,0 миң сом

-       70911-билим берүү бөлүмүнүн  2218-тамак-аш азыктарын  алуу беренесине “Айти Ата” бал. бакчасына -150,0 миң сом

-       70911-билим беруу болмунун 2218-тамак-аш азыктарын алуу  беренесине “Байчечекей”  бал. Бакчасына-140,0 миң  сомго чыгымдалсын жана кошумча лимит берилсин. 

 

3.     Бюджеттин  бекитилген планына өзгөртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын  Финансы Министрлигинин Сузак райондук  финансы башкармалыгынан суралсын.

 

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы Ленин айылдык кеңешинин туруктуу бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.

 

5.     Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан  каттоодон өткөрүлгөндөн тартып  күчүнө кирет.

 

Төрага

Н.Калмуратов