Редакцияот 17.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Арык айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын II-кезексиз сессиясы

2021-жылдын 17-августу №4/2

Жаны-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Жумгал өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоорго ылайык, 2 даана дан эгиндерин жыйноочу комбайндарды сатып алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1.  Жаны-Арык айыл өкмөтү тарабынан Жумгал өнүктүрүү фондуна «Дан өсүмдүктөрүн жыйноочу 2 даана комбайн сатып алуу» боюнча сунушталган долбооруна ылайык, 4500000 (төрт миллион беш жүз миң) сомго өндүрүштөн чыккандыгына 10 жылдан өтө элек 2 даана дан өсүмдүктөрүн жыйноочу комбайндар Жаны-Арык айыл өкмөтүнө сатылып алынсын;

 

 

2.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго милдеттендирилсин.

 

Төрайым:

М.Акматалиева