ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
2024-жыл 25-январы №11
“Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын Эски Арал участкасындагы Көк-Арт дарыясынын күн батыш тарабында жайгашкан “БАРСБЕК КАГАН и Ко” ЖЧКсынын жер аянтынын багытын өзгөртүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 11-беренесинин талабына ылайык, Кыргыз Республикасынын жерлерин трансформациялоо боюнча 15.07.2013-жылдагы №145-редакцияланган мыйзамынын 1-беренесинин 5,18-пункттарын жетекчиликке алып, “БАРСБЕК КАГАН и КО” ЖЧКсынын генералдык директору Абдрасул уулу Исламдын 2023-жылдын 6-сентябрындагы 36/1 сандуу арызынын негизинде Таш-Булак айылдык кеңешинин 25.01.2024-жылдагы кезектеги ХХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл аймагынын Ынтымак айылынын Эски-Арал участкасында жайгашкан убактылуу ижарага берилген жалпы аянты 1,10га идентификациялык код номер 3-05-12-0022-0089 жер тилкесин, «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлери» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Таш-Булак айыл аймагынын Ынтымак айылынын Эски-Арал участкасында жайгашкан , “БАРСБЕК КАГАН и КО” ЖЧКсына убактылуу ижарага берилген жалпы аянты 1,10га жер тилкесин Сузак райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан Сузак райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Сузак районунда курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, мыйзамдын талаптарына жооп берген иш кагаздарды даярдап, максаттуу пайдаланууну камсыздоо жагын Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовго, жер адис А.Сатвалдыевге тапшырылсын.
4. Токтомдун өз убагында аткарылышын камсыздоо Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовго тапшырылсын.
5. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрайымы: | М.С. Алтыбаева |