Редакцияот 27.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышын кезексиз ХXIV–сессия

 

2023-жылдын 27-октябры № 5

Жылуу-Булак участкасындагы сайдын боюнан убактылуу ижарага жер бөлүп берүү жөнүндө

Жыгач-Коргон айылынын  тургуну Молдазимов Ниязбек Жылуу-Булак участкасындагы сайдын боюнан балык өстүрүү үчүн убактылуу  ижарага 0,20га сотих жер сурап кайрылган арызын жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссия курамынын отурумундагы сунушунун  негизинде  токтом кылат:

 

  1. Жыгач-Коргон айылынын тургуну Молдазимов Ниязбеке Жылуу-Булак участкасындагы сайдын боюнан балык өстүрүү үчүн 0,20га сотих жер убактылуу пайданланууга бөлүнүп ижарага берилсин.
  1. Эгерде табигый , жаратылыш кырсыктары болуп сел жүрүп, суу каптап кетсе өзүнүн макулдугу менен кеткен чыгымдарына айыл өкмөт тарабынан компенсация төлөнүп берилбейт.
  1. Токтомду аткаруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнүн  башчысы  Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссияга  жүктөлсүн .
  1. Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан  каттоодон өткөрүлгөндөн тартып  күчүнө кирет.

Төрага

Н.Калмуратов