Редакцияот 27.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышын кезексиз ХXIV–сессия

 

2023-жылдын 27-октябры № 6

Үлүш жерге жеңил курулушка уруксат берүү жөнүндө  

Жыгач-Коргон айылынын  тургуну, “Интенсивдүү багбанчылык kg”коомдук бирикмесинин башкармалыгынын башчысы Нарматов Уландын үй-бүлөсунө тиешелүү 4 га үлүш жеринин 169,8 чарчы метр жер аянтына жеңил конструкциядагы электрщитине, насостук жана филтирлөө станциясына бөлмө , контейнер, ошондой эле айыл чарба техникасын , шаймандарын жайгаштырууга чатыр (навес) куруу үчүн жазган  арызын жалпы жер маселеси боюнчча түзүлгөн комиссия курамынын отурумунда каралып берген  сунушунун негизинде  токтом кылат:

  1. Жыгач-Коргон айылынын “Интенсивдүү багбанчылык kg”коомдук бирикмесинин башкармалыгынын башчысы Нарматов Уландын үй-бүлөсунө тиешелүү 4 га үлүш жеринин 169,8 чарчы метр жер аянтына  электрщит, насостук жана филтирлөө станциясына бөлмө , контейнер, ошондой эле айыл чарба техникасын , шаймандарын жайгаштырууга  жеңил конструкциядагы курулуш курууга уруксат берилсин.
  1. Токтомду аткаруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнүн  башчысы  Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссияга  жүктөлсүн .
  1. Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан  каттоодон өткөрүлгөндөн тартып  күчүнө кирет.

Төрага

Н.Калмуратов