Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы

 

2024-жыл 25-январы №12

 

“Таш-Булак айыл өкмөтүнүн тургундарынын жер мунапысы боюнча арыздарын канааттандыруу жана мыйзамдуулукту сактоо жөнүндө”

 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-б, 1,2пп, 14-пунктчасын, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291-Токтомунун жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобосунун редакцияланган 1п,4п, 21 пунктчасын жетекчиликке алып, Таш-Булак айылдык кеңешинин 25.01.2024-жылдагы кезектеги ХХIХ сессиясы

                                      

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.     Таш-Булак айыл өкмөтүнүн тургундарынан түшкөн арыз, кайрылуулар эске алынсын.

 

2.     Таш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан №326, 333, 377, 347, 350, 296, 60, 49, 35, 50 жана башка контурлардагы, жер мунапысын жүргүзүү үчүн тузүлгөн комиссиянын корутундусунун негизинде аныкталган жарандардын жеке менчик укугуна ээлик кылуучу токтомдорду чыгарып, жобонун 21.8. 21а, 21.10пп, 6-главанын, 25б, 2,3пп, 26б, 1,2пп, 28б, 29б, 30-беренелерин жетекчиликке алып, өз убагында жарандарга мыйзамдуу көмөк көрсөтүү, архивден каттоодон өткөрүү, мамлекеттик “Кадастр” мекемесинин жана архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынан сурап, каттоодон өткөрүү жагы Таш-Булак айыл өкмөт башчысы Р.Г.Азимовго жана жооптуу катчысы З.Зумаевге милдеттендирилсин.

 

3.     Кыргыз Республикасынын Президентинин 06.04.2022-жылдагы жер мунапысы жөнүндө мыйзам талаптары, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында тийиштүү деңгээлде аткарылбаганы белгиленсин.

 

4.     Таш-Булак айыл өкмөтүнүн тургундарынын жер боюнча арыздарын жер мунапысынын мыйзамынын негизинде, жер жана мүлк укугуна ээлик кылган жарандардын тизмеси айылдык кеңеши тарабынан макулдашылып, өз убагында аткарууну камсыздоо жагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовго тапшырылсын.

5.     Таш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди башка максатта, мыйзамсыз эч кандай жерге ээлик кылуучу, тастыктоочу иш кагаздары жок жарандардын тизмесин тактоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине тапшырылсын.

 

6.     Жер мыйзамдарын одоно түрдө бузган жарандарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү жагы сунушталсын.

 

7.     Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

8.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

Таш-Булак айылдык кеңешинин төрайымы:

М.С. Алтыбаева