ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын III-кезектеги сессиясы
2021-жылдын 15-ноябры №5/2
Жаны-Арык айыл аймагынын ген.планынын ичинде жайгашкан буга чейин талкаланып тонолуп кетип, жер аянты гана калган мурдагы эски гараждын ордун тургундарга турак-жай салууга жана огород күтүүгө берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 11-беренесине жана 18-беренесинин 4-бөлүмүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Жаны-Арык айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл аймагындагы ген.пландын ичиндеги 4-03-03-1001-1279 бирдейлешкен кодунда жайгашкан буга чейин талкаланып тонолуп кетип, жер аянты гана калган эски гараждын ордундагы 53665 кв.м жер аянты өндүрүш категориядагы жер аянтынан, турак-жай багыты болуп өзгөртүлсүн;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.05.2005-жылдагы №177 токтомуна ылайык бул жер аянты, айыл аймагындагы турак-жай салууга муктаж жарандарга бөлүштүрүлүп берилсин;
3. Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясы бул жер аянты боюнча тиешелүү чечимин чыгарсын;
4. Айыл аймагы боюнча жеке турак-жай курууга берилүүчү жер аянтынын бекитилген чектик өлчөмүнө ылайык бөлүштүрүп, жайгашуу схемасын чийип берүү жагы Жумгал райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго милдеттендирилсин
Төрайым: | М.Акматалиева |