ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын III-кезектеги сессиясы
2021-жылдын 15-ноябры №5/5
Жаны-Арык айыл аймагындагы Касымбек уулу Мамбеталы атындагы орто мектебинин спорт залына «Дордо спорт мектебинин» машыгуучуларына спорттун «Кыргыз күрөш» түрү боюнча машыгуусуна уруксат жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Жаны-Арык айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл аймагындагы буга чейин “Дордо спорт мектебинин” машыгуучулары спорттун “Кыргыз күрөш” түрү боюнча машыгуу жүргүзүп келген имараты талапка ылайык болбогондуктан, мындан ары Касымбек уулу Мамбеталы атындагы орто мектебинин спорттук залына машыгууларын жүргүзүүгө уруксат берилсин;
2. Күн сайын кечки убакытта саат 18-00 дөн 21:00 гө чейин спорттук залды ачып берип, балдардын машыгуусуна уруксат берүү жагы Касымбек уулу Мамбеталы атындагы орто мектебинин директору Э.Асановдон суралсын;
3. Спорттук залды таза сактоо, ичиндеги инвентарларды бүлүндүрбөө боюнча жоопкерчилик жана ар бир машыгуу өткөндөн кийин ичин тазалап туруу жагы “Дордо спорт мектебинин” машыктыруучусу Аманидинов Бакытка тапшырылсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго жүктөлсүн.
Төрайым: | М.Акматалиева |