Редакцияот 27.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышын кезексиз ХXIV–сессия

 

2023-жылдын 27-октябры № 10

Жыгач-Коргон айылындагы Белеков Жумакадыр атындагы көчөнүн атын Парманбай уулу Жаныбек өзгөртүү жөнүндө

                                      

Жыгач-Коргон айылынын  тургуну  Н.Абдуллаевдин  Ж.Белеков атына коюлган көчөгө  Парманбай уулу Жаныбектин эмгеги чоң, себеби өзүнүн короо жайындагы ун тегирмен жайгашкан жеринен  калкка  ыңгайлуу шарт түзүү максатында көчө ачып берген, ошондой эле ошол көчөнүн тургундардын электр энергияга болгон муктаждыгын чечип транцфарматор орнотуп берген, ошондуктан Белеков Жумкадырдын   атына коюлган көчөнүн атын Парманбай  уулу Жаныбектин атына  өзгөртүп, ыйгырып берүү жөнүндө жазган арызын жана жергиликтүү тургундар менен өтүлгөн чогулуштун протоколун карап , талкуулап чыгып  Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Ленин айылдык кеңешинин эл депутаттырынын VII-чакырылышынын  2023-жылдын 21-февралындагы  кезексиз   XVIII-сессиясында каралган  Жыгач-Коргон айылындагы Белеков Жумакадырдын атын ыйгаруу жөнүндөгү    № 12-токтом жокко чыгарылсын.
  1. Жыгач-Коргон айылындагы Белеков Жумакадыр атындагы көчө  Парманбай уулу Жаныбек  деп  аты  өзгөртүлсүн.
  2. Токтомду аткаруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнүн  башчысы  Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  социалдык  маселелер  боюнча түзүлгөн комиссияга  жүктөлсүн .
  1. Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан  каттоодон өткөрүлгөндөн тартып  күчүнө кирет.

Төрага

Н.Калмуратов