Редакцияот 16.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы

2021-жылдын 16-декабры № 6/7

Эс алуучу жай жана балдар ойноочу аянтча курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

Ак-Чий айылынын жашоочуларынын демилгеси менен айылды өнүктүрүү максатында эс алуучу жай жана балдар ойноочу аянтча курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө суранышкан өтүнүчүн эске алуу менен №4154 “Эпкин” шайлоо аймагынан депутат Бейшеев Азаттын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ак-Чий айылынын жашоочуларынын көтөрүп жаткан демилгеси айылды өнүктүрүү, жаш муундарга жана жергиликтүү жашоочуларга шарт түзүү максаты экендигин эске алуу менен колдоого алынсын.

 

 2. Ак-Чий айылынын ФАПтын арты менен казылган дренаждын ортосундагы бош жаткан 75 (жетимиш беш) сотых жер аянты эс алуучу жай жана балдар ойноочу аянтча курууга бөлүнүп берилсин.

 

3. Эс алуучу жайдын жана балдар ойноочу аянтчанын тегерегин тозуп, бак-дарактарды отургузуп, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Ак-Чий айылынын айыл башчысы А. Алгожоевге милдеттендирилсин.

 

4. Бөлүнгөн жер аянтына буйрук чыгарып, тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп, мыйзамдаштырып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго тапшырылсын.

 

Төрага

Жумалы уулу Адил