Редакцияот 16.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы

2021-жылдын 16-декабры № 6/4

Тазалык жыйымдын өлчөмү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер” жөнүндөгү Кодексинин 76-беренесин жетекчиликке алып жана Чолпон айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси Р. Асыранкулованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Тазалык жыйымдын өлчөмү бир жылга жан башына 20 (жыйырма) сомдон бекитилсин.

 

2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Жумалы уулу Адил