БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депуттаттарынын Бириккен Багыш айыл аймагынын Багыш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2024-жыл 27-марты №1
“Багыш айыл аймагынын Багыш айыл өкмөтү мекемесин түзүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370«Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө”Жобону жетекчиликке алып, Багыш айыл аймагынын Багыш айылдык кенеши токтом кылат:
1. “Багыш айыл аймагынынБагыш айыл өкмөтү” мекемеси жана “Ленин айыл аймагынын Ленин айыл өкмөтү” мекемеси бириктирүү жолу менен “Багыш айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Багыш айыл аймагынын Багыш айыл өкмөтү” мекемеси.
- Расмий тилде: Учреждение “Багышский айыл окмот Багышского айылного аймака”
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттиктилде: “Багыш айыл аймагынын Багыш айыл өкмөтү” М-и.
- Расмий тилде: У-е «Багышский айыл окмот Багышского айылного аймака».
2. Багыш айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Багыш айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин Жобосу бекитилсин(Жобо тиркелет).
4. Багыш айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Октябрь айылы К.Калдыбаев №60 болуп аныкталсын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.
6. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон ѳткѳрүлгѳндѳн тартып ѳз күчүнѳ кирет.
Төрагасы:
| Ж. О.Сейдахматов |