Редакцияот 27.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депуттаттарынын Бириккен Багыш айыл аймагынын Багыш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2024-жыл 27-марты №2

 

“Багыш айылдык кеңешинин Регламенти жөнүндө”

 

Багыш айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин “Жергиликтүү кеңештин типтүү Регламентин бекитүү жѳнүндѳ” 2022-жылдын 14-мартындагы №56 буйругунун негизинде Багыш айылдык кеңешинин Регламенттин карап, талкуулап Багыш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ:

 

1.     Бириккен Багыш айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын Регламенти кабыл алынсын (Регламент тиркелет).

2.     Бул регламенттин так мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу бардык депутаттардын, туруктуу комиссиялардын милдеттери экендиги белгиленсин.

3.     Регламентти Юстициядан каттоодон өткөрүү жагы Багыш айылдык кеңештин катчысына тапшырылсын.

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.

 

5.     Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

 

Төрагасы:

 

Ж.Сейдахматов