Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Багыш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

 

2024-жыл 29-январы №2

 

“Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылынын РТС участкасындагы аты жок жаңы кѳчѳгѳ коомдук ишмер Маманов Кѳчкѳнбайдын ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ”

 

            Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №1-15/06 11.01.2024-жылдагы «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылынын РТС участкасындагы аты жок жаңы кѳчѳгѳ коомдук ишмер Маманов Кѳчкѳнбайдын ысымын ыйгарып берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 17.01.2024-жылдагы протоколдук чечимин угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат :

 

1.    Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Октябрь айылынын РТС участкасындагы аты жок жаңы кѳчѳгѳ коомдук ишмер Маманов Кѳчкѳнбайдын ысымы ыйгарылсын.

 

2.    Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу У.Жолборсовго милдеттендирилсин.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.

 

4.    Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

 

 

 

 

Төрага:

Ж.Сейдахматов