БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-июлу № 4/8
Ак-Талаа районунун жалпы дарыгерлик практикалык борборунун территориясында жайгашкан имаратты оорукананын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Ак-Талаа районунун жалпы дарыгерлик практикалык борборунун территориясында жайгашкан мурунку “Терминатор” спорттук имаратын оорукананын балансына өткөрүп берүү жөнүндө кайрылууну угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа районунун жалпы дарыгерлик практикалык борборунун территориясында жайгашкан мурунку “Терминатор” спорттук имараты Ак-Талаа районунун жалпы дарыгерлик практикалык борборуна 20-жылга убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Баетов айылдык кеңешинин “Депутаттык иш, мыйзамдуулук, укук коргоо тартиби” боюнча тармактык комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Ч. Азимжанов |