Редакцияот 21.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 21-июлу № 4/9

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин кайрылуулары жөнүндө

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин кайрылууларын карап, угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Баетов жайыт пайдалануучулар бирикмесине тиешелүү погрузчик техникасынын 2021-жылга кызмат көрсөтүү акысын кум, шагыл, топурак жүктөө ХОВО- 1000сом, ЗиЛ- 300сом, КаМаЗ-500сом, ГАЗ-53—250 сом олчомундо, ар кандай жумуштарды келишим менен кызмат көрсөтүү 1-саатка (ГСМ-25 литр)---1500 сомдон бекитилсин.

 2.   Баетов жайыт пайдалануучулар бирикмесине тиешелүү жайыт жерлериндеги табыгый чабынды чөптөрдү чаап жыйноо үчүн келишимдин негизинде тарификация суммасын мыйзам чегинде тактап, эсептеп берүү Баетов айылдык кеңештин Мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.

3.   Баетов жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылы 27- майында айыл тургундары, дыйкандар, бадачылар менен өткөрүлгөн жыйындын : №1 Протоколуна ылайык жайыт акынын баасы уй, жылкы, топоз—70сом, кой-эчкиге—14 сом жана бада акысы уйга-320сом, кой-эчкиге—50сом өлчөмүндө бекитилсин.

  4. Афган согушунун катышуучуларынын жайыт акысынан бошотуу жөнүндө мыйзам чегинде, талапка ылайык жооп берүү жагын, Баетов айылдык кеңештин Мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.

    5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырамын.

 

Тѳрага:

Ч. Азимжанов