Редакцияот 21.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 21-июлу № 4/13

Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу бала-бакча, мектеп, клубтун кайрылуулары жөнүндө

Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу бала-бакча, мектеп, клубдун кайрылуулары жөнүндө карап, угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Баетов айыл өкмөтүнүн алдындагы Д.Ажиев клубуна инвентарына сунушталган акча каражатын, Ай-Зуура бала бакчасынын инвентарына сунушталаган акча каражатын, “Азык” социалдык борборунун капиталдык ремонтуна акча каражатын, “Марьям” бала бакчасынын жылуулук системасын ондоп-түзөөгө сунушталган акча каражатын, Тынчтык” балдар бакчасынын жылуулук системасын оңдоп-түзөөго сунушталган акча каражатын Баетов айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджети бекитилип калгандыгына байланыштуу, 2022-жылдын бюджетине сунушталсын.

 

2.  Баетов айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджети долбоорлонуп жатканда эске алуу бюджет жана финансы туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын

 

Тѳрага:

Ч. Азимжанов