БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баетов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 14-сентябры № VI/6
Ак-Талаа райондук Н.Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебин 2022-жылдагы жаңы курулуштарды куруу планынын тизмесине киргизүү жөнүндө
Ак-Талаа райондук Н.Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебин 2022-жылдагы жаңы курулуштарды куруу планынын тизмесине киргизүү жөнүндө угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа райондук Н.Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин имаратын куруу Республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесинин 2022-жылдагы жаңы курулуштарды куруу планынын тизмесине киргизүүгө сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдү жургузуу депутаттык иш, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча тармактык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | Ч. Азимжанов |