БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баетов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 14-сентябры № VI/7
Баетов айылынын тургуну Ниязалиев Бусурманкулдун кайрылуусу жөнүндө
Баетов айылынын тургуну Ниязалиев Бусурманкулдун кайрылуусу жөнүндө угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиешелүү адистерден, депутаттардан турган комиссия түзүп, кайрылууда көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча иш алып баруу айыл өкмөт башчысы А.Абдылдаевге тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдү жүргүзүү Баетов айылдык кеңешинин “Депутаттык иш, мыйзамдуулук, укук коргоо тартиби” боюнча тармактык комиссиясына милдеттендирилсин..
Тѳрага: | Ч. Азимжанов |