БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баетов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VII сессиясы
2021-жылдын 11-октябры №VII / 3
“Жаштарга жаркын келечек” долбоорунун өздүк салымы боюнча
“Жаштарга жаркын келечек” долбоорунун өздүк салымы боюнча маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл өкмөтү тарабынан 24-февраль 2021-жылы берилген № 2-01-144 сандуу кепилдик кат жокко чыгарылсын.
2. “Жаштарга жаркын келечек” долбооруна айыл өкмөтүнүн бюджетинен мыйзамга ылайык келбегендиктен өздүк салым үчүн каражат бөлүп берүүгө мүмкүн эместиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Депутаттык иш , мыйзамдуулук жана укук коргоо тартиби боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ч.Азимжанов |