Редакцияот 11.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Баетов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VII сессиясы

2021-жылдын 11-октябры №VII/7

Баетов айыл аймагындагы жайыт жерлерди коргоого алуу жөнүндө

Баетов айыл аймагындагы жайыт жерлерди коргоого алуу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1.  Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык , Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектерин коргоо жана кайра өстүрүү максатында жапайы өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн жана бөлүктөрүн жаңы үзгөн, жаңы кайра иштетилген түрүн, продуктуларын жыйноого Баетов айыл аймагынын жайыт жерлериндеги жапайы өсүмдүктөрдү жыйноого , даярдоого тыюу салынсын.

 

  2.  Баетов айыл аймагынын жайыт жерлеринде өскөн табигый өсүмдүктөрү коргоого алынсын жана табигый өсүмдүктөрдү жыйноого убактылуу 3 жылдык мөөнөкө мораторий киргизилсин.

 

  3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Депутаттык иш , мыйзамдуулук жана укук коргоо тартиби боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

Ч.Азимжанов