САЙЛЫК АЙЫЛДЫК КЕңеши
ТОКТОМ
2023-жылдын 6-апрели № 01-3/8
Сайлык айыл аймагында жайгашкан жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан”, “Калктуу конуштар багытындагы жерлер категориясына” (трансформациялоо) которууга уруксат берүү жөнүндө”
Сайлык айыл өкмөтүнүн элинин турак жай муктаждыктарын чечүү максатында, Сайлык айылдык Кеңешинин Х-чакырылышынын 2023-жылынын 6-апрелиндеги 3-кезектеги отурумунун, Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылынын 31-майындагы № 101-т Тескемеси менен түзүлгөн “Жерлерди бир категориядан башкасына же чарба жерлерин бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо)” комиссиясынын 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 2 протоколдук чечиминин жана 2023-жылдын 5-апрелиндеги комиссиянын отурумунун корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-июнундагы №169-токтому менен бекитилген «Жер участокторун трансформациялоо жөнүндөгү» убактылуу жобосуна ылайык жана Жер Кодексинин 11-беренесинин 2-бөлүгүнө, 13-беренелерине ылайык “Жерлерди категорияларга таандык кылуу жана аларды бир категориядан экинчисине которуу” беренелерине ылайык Сайлык айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайлык айыл аймагынын Виноградное айылындагы № 223 контурунда жайгашкан, жалпы аянты 22,0 га түзгөн Айыл чарба багытындагы жерлер категорясынын курамындагы, максаттык багыты көп жылдык (кара жыгач) бак дарактар Жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан”, “Калктуу конуштар багытындагы жерлер категориясына” которууга макулдук берилсин.
2. Сайлык айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча адиси тез арада тиешелүү иш – чараларын аткарсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Сайлык айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча адиси – М.Б.Мукамбетовго жүктөлсүн.
4. Ушул тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө Сайлык айылдык Кеңешинин жер жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы- С.А.Моноловго жүктөлсүн.
Төрага | А.Д.Джетигенов |