Редакцияот 08.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 2023-жылдын 8-декабры № 658

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында өнөр жай объектин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 28-ноябрындагы № 01-39/2530 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 29 жана 2023-жылдын 28-ноябрындагы № 111 токтомдорун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Социализм айылынын Өжөр участогунун аймагындагы, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 146,02 га, № 1041 - 5,49 га, № 1033 - 2,92 га, № 1035 - 20,31 га контурларда жайгашкан бардыгы 28,72 га кайрак айдоо, № 1097 - 10,30 га, № 1107 - 0,82 га, № 1083 - 39,28 га, № 1086 - 23,89 га, № 1 - 18,70 га, № 6 - 2,20 га, № 7 - 10,80 га, № 10 - 7,40 га, № 11 - 3,41 га контурларда жайгашкан бардыгы 116,80 га сугат айдоо, № 3 - 0,20 га, № 8 - 0,30 га контурларда жайгашкан бардыгы 0,50 га огород жерлери индустриалдык-логистикалык борбор куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).

2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу пайдаланууну;

3) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

4) айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтурууну төлөөнү;

5) Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталган учурда алардын сакталышын;

6) жерлердин менчик ээсине, жерди пайдалануучуга карата жерлер пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 98 саны менен жарыяланды.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.Жапаров