Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 15-майындагы № 04-13/152 буйругуна тиркеме
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын иштеп чыгуу тартиби жөнүндө
Типтүү жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобо “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын иштеп чыгуу тартиби жөнүндө” (мындан ары- Типтүү жобо) Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Типтүү жобо жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын, жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын иштеп чыгуунун, макулдашуунун жана бекиттирүүнүн, ошондой эле, алардын курамына жана таризделишине талаптардын, ошону менен бирге алардын аткарылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн бирдиктүү тартибин аныктайт.
Ушул Типтүү жобо күчүн мамлекеттик жайыт жерлерин башкарууну ишке ашыруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш аракетине жайылтат.
2- глава. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби
3. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын (мындан ары- Пландар) иштеп чыгуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы- айыл өкмөтү тарабынан ишке ашырылат.
4. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планында жайыттарды туруктуу пайдаланууну жана бардык пайдалануучуларды алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө кабарлануусун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон негизги бардык маалымат камтылат.
5. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын түзүүдө айыл өкмөттөрү жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын бекитүү учуруна бул органдардан келип түшкөн маалыматтарга ылайык курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын пландарын эске алууга милдеттүү.
6. Жайыт жерлерин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына жана жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарына (чогулуштарына) жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планынын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планынын долбоорун айыл өкмөтү сунуштайт.
7. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планынын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планынын долбооруна сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн учурда, анда айыл өкмөтү алар келип түшкөн учурдан тартып үч жумушчу күндүн ичинде Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планынын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планынын долбоорлорун карап чыгып, киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарына (чогулуштарына) кайрадан сунуштайт.
8. Ушул Типтүү жободогу тиркемеге ылайык райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планынын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планынын долбоорун карап чыгуунун жыйынтыгы менен жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын баалоо боюнча корутундусун берет.
9 Пландардын долбоорлорунун акыркы редакциясы жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны (чогулушу) тарабынан жактырылат, ал жергиликтүү коомдоштуктун чогулушунун протоколу менен таризделет.
10. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарында (чогулуштарында) Пландардын долбоорлору жактырылгандан кийин, жайыт комитети жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын (жергиликтүү кеңештин) кароосуна жана бекитүүсүнө коштомо кат менен киргизет.
11. Пландарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы (жергиликтүү кеңеш) бекиткенден кийин бардык жайыт пайдалануучулар аткарууга милдеттүү.
3- глава. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын иштеп чыгуунун талаптары
12.Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планына төмөнкүдөй компоненттер кирет:
- жайыттардын чектери, пайдалануудан чыгарылган аянттар жана корголуучу аянттар, мал айдап өтмө жолдор, сугаруучу жайлар жана жайыт инфраструктурасынын маанилүү башка объекттери, жайыттардын абалы жана жайыттын бардык участокторунун сапаты белгиленген карталар;
- оптималдуу жүк;
- жайыт инфраструктурасынын объекттерин өнүктүрүү жана реконструкциялоо боюнча пландар;
- жайыттарды башкаруу, пайдалануу, аларды жакшыртуу жана 5 жылдык мөөнөткө чейин реабилитациялоо боюнча орто мөөнөттүү план;
- жылда жаңылануучу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планы;
- жайыттарды башка максаттарда башкаруу жана пайдалануу планы.
4- глава. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планынын курамы