ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын
XXVII-сессиясынын
2024-жылдын 12-апрелиндеги № 230
Түп айыл аймагынын жетим, жарым жетим, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана аз камсыз, көп балалуу үй-бүлөөлөрдүн балдарын жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдоого жардам берүү жөнүндө
Түп айыл аймагынын жетим, жарым жетим, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана аз камсыз, көп балалуу үй-бүлөөлөрдүн балдарын жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдоого жардам берүүбоюнча мүмкүнчүлүктөрдүталкуулоолордон кийин Түп айылдык кеңешинин XXVIII- чакырылышынын XXXVII-cессиясы
токтом кылат:
1. Түп айыл аймагынын жардамга муктаж бүтүрүүчү балдарына Түп айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерлери жетим, жарым жетим, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана аз камсыз, көп балалуу үй-бүлөөлөрдүн балдарын жогорудагы чендерге (критерий) дал келүүсү боюнча талдоо иштерин алып барып, тактоо менен Түп айыл өкмөтүнүн резевдик фондунан 5000 (беш миң) сомдон каражат бөлүнүп берүүсүнө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Түп айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.А.Чоркозовго милдеттендирилсин.
Тѳрайым Орозбекова А.О.