Редакцияот 15.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү XVIII сессиясынын

 

 

2022-жылдын 15-декабрындагы № 18/2

 

 

Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн Мүлк салыгын колдонууга киргизүү жөнүндө

Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары,Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Белековдун 13.12.2022-жыл №553 кайрылуу катынын отчетун угуп токтом кылат:

 

 

1. Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесине ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.

 

2. Аталган салык боюнча иш алып баруу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Белековго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

М.Чолпонкулов