Редакцияот 28.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин кезектеги 1 сессиясы

 

2024-жылдын 28-марты № 2/3

Жер тилкесинин  категориясын которуу жөнүндө

          Күнтуу айыл аймагынын аймагында Кара-Сакал айылында  №234 контурунда, Жайыт багытындагы мамлекеттик аянты  3,0 га жер тилкесинин  «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жесирлерге, жетимдерге  социалдык шаарча куруу үчүн жер тилкесинин категориясын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлер ” категориясына которуу маселеси айылдык кенештин сессиясында каралып, талкууланып, Кыргыз   Республикасынын Жер Кодексинин 12,18- беренеге ылайык жана Сокулук райондук мамлекеттик администрация тарабынан түзүлгөн комиссияынын 2024-жылдын 27-мартындагы  корутундусунун негизинде       Күнтуу айылдык  Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Күнтуу айыл аймагынын аймагында Кара-Сакал айылында №234 контурунда, аянты  3,0 га   жайыт жерлеринен   «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жесирлерге, жетимдерге  социалдык шаарча куруу үчүн жер тилкесинин категориясын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин;

2.              Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О.Сартпаевке  жүктөлсүн;

3.              Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О.Сартпаев бул жер участогун трансформациялоо жөнүндө ылайыктуу чечим кабыл алууга милдеттендирилсин;

4.              Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Күнтуу жергиликтүү кеңешинин төрагасы

 

М.А. Тобоев