ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айылдык кеңешинин (7 – чакырылышы) кезексиз VI– сессиясы
2021-жылдын 10-сентябры № 6/5
Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүүдө баштапкы баасын бекитүү тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүүдө баштапкы баасын бекитүү боюнча маселени карап жана талкуулап чыгып.
Токтом кылат:
1.Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунунун жерлерин аукцион аркылуу берүүдө баштапкы баасы 1 га жер аянтына: суулуу айдоо 2500 сом, кайрак айдоо 800 сом, бак 3000 сом болуп бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин жер, суу, электр энергия, жолдор боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага: | Р. Исамов |