Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Жол айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

2024-жыл 19-апрели №1

 

“Ак-Жол айыл аймагындагы Терс айылын Үч-Коргон айыл аймагына  өткөрүп берүү жана Разан-Сай, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит айылдары, Жоон-Бакан, Көк-Кыя участкалары жөнүндө”

 

 Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын III кезексиз сессиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы  №370 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын  Жарандык Кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, “Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. “Ак-Жолайыл аймагынын карамагындагы Терс айылындагы калктуу конушту        Үч-Коргон айыл аймагына  өткөрүп берүүгө  макулдук  берилсин.

 

  1. Терс айылы  өтүп  жаткандыгына  байланыштуу Үч-Коргон  айыл өкмөтү пайдаланып жүргөн Жоон-Бакан  жана  Ак-Суу айыл өкмөтү пайдаланып жүргөн  Көк-Кыядагы  жайыт аянттары Ак-Жолайыл аймагынын карамагына  калтыруу жагы райондук комиссияга сунушталсын.

 

  1. 1995-жылдан бери Ак-Жол айыл өкмөтүнүн карамагында жашап, Ак-Жол айыл өкмөтү тарабынан каржыланып келген Разан-Сай, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит айылдарынын калкынын талабын эске алуу менен, бул айылдарды жакынкы жайыттары менен кошо Ак-Жол айыл аймагынын картасына чийип берүү жагы сунушталсын.

 

  1. Терс айылындагы кыймылдуу жана кыймылсыз  мүлктөрдү, материалдык жана материалдык  эмес активдерди өткөрүп берүү жагы Ак-Жол айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн башчысы Б Абылаевге  жүктөлсүн.
  2. Аталган  токтомду  расмий  жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик  реестрине  киргизүү жагы айылдык  кеңештин  жооптуу катчысы К Сатыбековго  милдеттендирилсин. 

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.

 

 

 

 

«Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңеши»

Мекемесинин төрагасы:

 

Ж.С. Алыбаев