ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айылдык кеңешинин (7 – чакырылышы) кезексиз VI– сессиясы
2021-жылдын 10-сентябры № 6/6
Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларынын 2021-жылдын I-II кварталында тамак ашка берилген взностон экономдолгон 32000 сомду кайра балдар бакчаларына бөлүп берүү тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып:
Токтом кылат:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларынын 2021-жылдын I-II кварталында тамак ашка берилген взностон экономдолгон 32000 сомду кайра балдар бакчаларына бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын
Төрага: | Р.Исамов |