АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2024-жыл 19-апрели №2
“Ак-Жол айыл аймагына караган калктуу конуштар боюнча жакынкы жана алыскы жайыттарга көчүп чыгуу жана көчүп келуу мөөнөттөрүн белгилөө,Бадачылардын кара-мал жана жандыктарга алынуучу бада пул акысын тактоо, механизаторлордун эмгек акысын белгилөө жана айып акылар боюнча айыл өкмөтүнөн түшкөн сунуштарды кароо жөнүндө.”
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги III-сессиясынын күн тартибиндеги’экинчи маселеси боюнча жайыт комитетинин төрагасы А/Абдырамановдун жана айыл чарба жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адис Ы Молорбаевдин жана ошондой эле айыл башчылардын берген маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IIIсессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштар боюча болуп өткөн коомдук угуулардын жана бадачылар жана механизаторлорменен болгон жыйындын чечимдерине негиз жана Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин төрагасы А Абдырамановдун жана айыл чарба жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адис Ы Молорбаевдин берген билдирүүлөрү алымча кошумчасы менен бекитилсин.
- Айыл аймагынан сырттан алынып келген малдардын ээлеринен малы эмделгени жөнүндөгү тактама талап кылынсын .Малдын эмделгени жөнүндөгү тактама жок болсо милдеттүү түрдө айыл аймактын ветеринары тарабынан эмдөө колго алынсын.
- Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына айылдык кеңешке келип түшкөн сунуштардын негизинде айыл өкмөтүнүн ички тартибине ылайык тескеме даярдап аны аткаруу жагы жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин орун басары К Бейшеналивке жүктөлсүн.
«Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин төрагасы:
|
Ж.С. Алыбаев |