Редакцияот 06.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

2023-жылдын 6-февралы № I

2023-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө

2023-жылга карата бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү маселесин айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын корутундусунун негизинде жана Папан айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Шамурзаеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Папан айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылга карата Папан айыл өкмөтүнүн бюжетинин кирешелери жана чыгашалары 41860,5 миң сомго бекитилсин. Анын ичинен атайын каражатынын кирешелер жана чыгашалары 990,0 миң сомго бекитилсин жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар бир балага 10 (он) сомдон төлөнүп берилсин.

2. Папан айыл өкмүтүнүн Кожо-Келен, Кара-Гур, Ак-Буура 1, Ак-Буура 2, Ак-Буура 3, Ак-Буура 4 жана Жаны Турмуш айылдары айыл өкмөтүнүн борбордук конторасынан 45-50 км алыстыкта жайгашкан, ошондуктан аталган айылдардын айыл башчыларына бир жолку барып келүү чыгымы 300 сомдон төлөнүп берилсин жана барып келүү баракчаларына өздөрүнүн мөөрү жана айыл өкмөт башчысынын мөөрү басылган баракчалар кабыл алынсын.

3. Кыргыз Республикасынын өкмүтүнүн 2013-жылдын 8-июлунун №403 токтомуна ылайык аппарат кызматкерлеринин жалпы- 43 штаттык бирдиги каралсын: анын ичинен башкаруу аппараты- 18, айыл башчы- 17, ВУС инспектору- 4, техникалык тейлөө кызматкери- 4 кызматтагы штат бирдиги бекитилсин жана каржылоо жүргүзүлсүн.

 

4. 2023-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү башкаруу аппараты 20791,2 миң сомго, айылдык кеңеш 1128,9 миң сом, айыл чарба 420,0 миң сом, жайыт комитетине 201,8 миң сом, турак жай 9696,7 миң сом, библиотека 606,5 миң сом, маданият 1085,1 миң сом, маданий иш чаралар 390,0 миң сом, бала бакча 1463,0 миң сом, билим берүү 3312,3 миң сом, соц жардам 1775,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Папан айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Т.Тагаев