Редакцияот 21.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Жол айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2024-жыл 21-февралы №1

 

“Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө”

 

Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 1 сессиясы 2023-жылдын 29-декабрындагы №370” Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгеелинде пилоттук режимде административдик — аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ,2024-жылдын 7-февралындагы №24” Пилоттук режимде административдик _аймактык реформа жүргүзүү алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Указынын негизинде откөрүлгөн айылдык кеңештердин шайлоо боюнча Аймактык шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы бириккен Ак-Жол айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча ачык добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколун угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги I сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бириккен Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтык протоколу бекитилип ,Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин торагасы болуп Алыбаев Жалынбек Самарбекович шайлансын.

 

  1. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин торагасынын орун басары • болуп Бейшеналиев Камбар Көкүнбаевич шайлансын.

 

  1. Токтом жарыялангандан баштап күчүнө кирсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы орун басар К Бейшеналиевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

Ж. Алыбаев