ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2023-жылдын 6-февралы № II
Папан айыл өкмөтүнүн,жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылдагы аткарган иштерин 2023-жылга карата иш планы,аткарыла турган иштерин жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин отчётун угуп жана талкуулап, Папан айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Папан айыл өкмөтүнүн,жайыт комитетинин 2022-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын жана жайыт комитетинин 2023-жылга түзүлгөн планы бекитилсин.
2.Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарымын, өткөрүп берүү боюнча,айыл өкмөтү менен жайыт комитетинин ортосундагы келишим бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин жылдык планы 300,0 (үч жүз миң) сом болуп бекитилсин, алыскы жана ортоңку жайыт жерлер так болбогондугуна байланыштуу, жакынкы жайыттан 1390 га жайыт акысы топтолсун. Жайыт пайдалануучуларга салык салуу,Кыргыз Республикасынын салык мыйзамына ылайык айыл өкмөт тарабынан жүргүзүлсүн.
Папан айыл өкмөтүнө караштуу, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
2023-жылга түзүлгөн бюджети (тиркемеге ылайык) бекитилсин.
4. Жайыт пайдалануучулар өзүнө бөлүнүп берилген жайытка мал жандыктарын чыгаруусу жана мал жандыктарын ветеринардык эмдөөдөн өткөрүүсү, жайытты пайдаланууда сарамжалдуу пайдалануусу, жайыт кыртышын бузбоосу,жайытка чыгардан мурда,жайыт комитетине кайрылуусу,жайыт билет алууда жайыт төлөмүн 30% алдын ала төлөөсү,жайыт пайдаланууда көргөзүлгөн келишимдеги графикти сактоосу милдеттендирилсин.
Мал жандыктарды каттоодо айыл башчылар жана айыл өкмөттүн ветеринардык врачы көзөмөл жүргүзсүн.
5.Асылдуулугу төмөн болгон жайыттарды өздөштүрүүгө берүү боюнча:
Айыл өкмөтүндө жайыт жерлери чектелүү болгондугуна байланыштуу 2023-жылга (быйылча), кыртыштын “Балл бонитети”,эң төмөн болгон 150 (жүз элүү) гектар гана жайыт жерлерин,”Түштүк аймактык топурак-агрохимиялык станциясынын” кортундусунун негизинде ишке ашырылсын.
Асылдуулугу төмөн жайыттарды,бүгүнкү күнгө чейин пайдаланып келген жайыт пайдалануучу,эки тараптуу келишимин жана төлөнгөн квитанциясын көргөзгөндөн кийин гана аукционго катыштырылсын.
Аукционду өткөрүү боюнча,комиссиянын курамы айыл өкмөтүнөн,жайыт комитетинен, айылдык кеңештин депутаттарынан жана айыл башчылардан түзүлсүн.
Документтерди кабыл алуу жагы жайыт комитети тарабынан жүргүзүлсүн.
6. Жайыт төлөмүнүн өлчөмү төмөндөгүдөй белгиленсин:
Мал башына же бир баш кара малга,айына 50 (элүү) сомдон,сезонго 200 (эки жүз) сом, майда жандыктарга айына 10 (он) сомдон,сезонго 40 (кырк) сом болуп белгиленсин.Башка айыл өкмөттөрдөн келген кара малга жана майда жандыктарга,эки барабар төлөм төлөнсүн. Уруксатсыз мал жандыктарын жайытка алып чыккан адамдарга, 2000 (эки миң) сомдон 5000 (беш миң) сомго чейин жазана айып пул белгиленсин. Жайыт төлөмдөрүн өз убагында төлөбөгөн учурда, 0,2 %тен 0,5% өлчөмүндө туум белгиленсин. Кышкы тоют камдоого, кыйыр пайдаланууга 1(бир) жыл үчүн 1 (бир) га жайыт жер үчүн 1500(миң беш жүз) сомдон төлөм, айыл башчылары менен биргеликте өндүрүлсүн.
7. Жайыт катмарын бузууга алып келүүчү иштер жүргүзүлгөн участоктордон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы №66 “Айыл чарба жерлерин,айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланышкан айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруунун
наркынын ченемдерин бекитүу жөнүндө”токтому менен бекитилген,айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруунун наркынын ченемдерине ылайык 1(бир) га жайыт жери,1(бир) жылга 5000 (беш миң) сом болуп белгиленсин.
8. Уруксатсыз, мурунку жылдары жайытты тосуп алган жарандарга эскертүү каттары жайыт комитети тарабынан берилсин.Эгерде жооп болбосо тиешелүү органдарга тапшырылсын.
9. Жайытка мал жандыктарын берүүчүлөр менен мал багуучунун, жайыт пайдалануучунун ортосунда келишим түзүлүп, келишимге төмөнкүлөр камтылсын.
_ Келишим түзүү учурунда малдын жашы, түсү, салмагы, табырасы, жынысы, малдын орточо баасы көргөзүлсүн.Мал багуучуга,мал багуудагы эмгек акысынын ичинде,жайыт төлөмүн кошуп, айылдык кеңешинин сессиясында бекитилген токтомдун негизинде, коэффициент бир шарттуу малга, бир айга 700 (жети жүз)сомдон, 800 (сегиз жүз )сомго чейин белгиленсин. Келишим эки нускадан түзүлүп, малдын ээсинде жана мал багуучуда бирден нуска, болушу шарт.
10. Жайыт комитетине келген , «ХОВО»автосамосвалынын аренда акысы жылына 350 000 (үч жүз элүү миң) сом болуп, МТЗ 89-02 экскватор тракторунун аренда акысы жылына 160 000 (жүз алтымыш миң)сом болуп бекитилсин.
11. Жайыттардын өзгөчө кырдаалдарын жакшыртуу жана чек араларын тактоо максатында,айыл өкмөтү тарабынан 200 000(эки жүз миң) сом бөлүнүп берилсин.
12. Жакынкы жайыттардын катуу деграцияга учурап, жараксыз абалга келип калбас үчүн, алыскы жайлоого көчүрүү жагы жолго коюлсун.
Алыскы жайлоого көчүрүүнү,жайыт комитетинин курамы,айыл өкмөттөн түзүлгөн укук бузуулар боюнча комиссиясынын курамы,ветеринар кызматкерлери жана милиция кызматкерлери болуп, биргеликте топ түзүлүп,айыл өкмөтүнүн ортоңку жана алыскы жайыттары аз болгондугуна байланыштуу,башка айыл өкмөттөрдүн жана Ош,Кара-Суу токой чарбаларынын, ортоңку жана алыскы жайлоолоруна, мал жандыктарды жайгаштырууга шарт түзүлсүн. Сырттан келген мал жандыктарга ветеринардык көзөмөл күчөтүлсүн.Жайыт комитети,ветеринар врач жана токой чарбанын кызматкерлери менен биргеликте,шлагбаум жана постторду орнотуп,малдын саны жана ветеринардык абалы текшерүүгө алынсын.
13.Пландан ашыкча топтолгон жайыт акы,толугу менен жайыт инфраструктурасын жакшыртуу максатында жумшалсын.
14. Ушул токтомдун аткарылышын Папан айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Р.Т.Матазимовго жүктөлсүн.
15.Көзөмөлдөө жагын Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К.Алимбековго милдеттендирилсин.
Папан айылдык кеңештин төрагасы: |
Т.Тагаев. |
| Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясынын № II токтому менен бекитилди кеңештин төрагасы
___________ Т.Тагаев. |
Папан айыл өкмөтүнүн, Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылга карата
долбоордук бюджети
Киреше бөлүгү Сумма. | ||
1.Мал жаюудан: | 200.0с | |
2.Кыйыр пайдалануудан: | 100.0с | |
Жалпы киреше: | 300.0с. | |
|
| |
|
| |
Чыгаша бөлүгү: | ||
| ||
1.Айыл өкмөтүнө 3/1 калганы: | 100.0с | |
2.Айлык акы төрага: | 156.0.с | |
3.Соц фонд төлөмдөрү: | 27.с | |
4.Конц товар: | 5.0.с | |
5.Ассоциацияга төлөм | 6.0с | |
6.Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга 6.0с |
| |
Жалпы чыгаша:
|
300.0 | |
Транспорт жалдап иштетүүгө: | Келишимдин негизинде | |
Бухгалтерди жалдап иштетүү: | Келишимдин негизинде | |