ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2023-жылдын 6-февралы № IV
Папан айыл өкмөтүнүн Кожо-Келен айылындагы ДЭУ-21 муниципалдык ишканасына караган Ак-Терек, Папан, Кожо-Келен жолунун 73-74 чакырымына асфальт төшөө үчүн Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашыруу жөнүндө
Папан айыл өкмөтүнүн Кожо-Келен айылындагы ДЭУ-21 муниципалдык ишканасына караган Ак-Терек, Папан, Кожо-Келен жолунун 73-74 -чакырымына асфальт төшөө үчүн Папан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл өкмөтүнүн Кожо-Келен айылындагы ДЭУ-21 муниципалдык ишканасына караган Ак-Терек, Папан, Кожо-Келен жолунун 73-74-чакырымдагы автоунаа жолуна асфальт төшөө үчүн 1 чакырым жолго 8263657 (сегиз миллион эки жүз алтымыш үч миң алты жүз элүү жети ) миң сомдук асфальт төшөөгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет жана архитектура боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Т.Тагаев. |