ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
2023-жылдын 6-февралы № VII
Айылдык кеңештин 2023-жылга түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын жана Папан айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Папан айылдык кеңеши 2023-жыл үчүн иш планы айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясында талкуулап, карап Папан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айылдык кеңешинин 2023-жылга карата түзүлгөн иш планы жана уюштуруучу массалык иштери бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Аман уулу Чубакка милдеттендирилсин.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Тагаев. |