Редакцияот 10.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХIX сессиясы

2023-жылдын 10-апрели № I

Папан айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2023-жылдын башына карата калган каражаттарды бекитүү жөнүндө

Папан айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2023-жылга карата калган каражаттарды бекитүү маселесин айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып,талкууланып Папан айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековдун отчётун угуп,2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин кирешелер боюнча такталган планы 47154,7 миң сом чыгашалар боюнча такталган планы 47154,7миң сомго,ошондой эле бюджеттин аткарылган кирешелери 46833,5миң сомго жана чыгашалары 39127,9миң сомго бекитилип кабыл алынсын.

 

2.  2023-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган 7406,6миң сом акча каражатынын чыгаша бөлүгү 70629-турак жай бөлүмүнө 3115,6миң сом 70921-билим берүү бөлүмүнө 4291,0миң сом ошондой эле атайын каражаттын эсебинен 70911-бала бакча бөлүмүнө,299,0 миң сом айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн сметага ылайык чыгымдоо үчүн бекитилсин.

 

3.  Папан айыл өкмөтү жыл ичиндеги бюджетти аткаруу мезгилинде келип чыккан зарыл болгон финансы –экономикалык маселелерди чечүүдө Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилсин.

 

4.  Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековго жүктөлсүн.

 

 

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Папан айылдык

кеңешини төрагасы:

 

Т.Тагаев