ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2023-жылдын 24-апрели № 157/22-8
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламентинин 8,1 пунктунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылга карата иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Төрага | К.Джаныбеков |
|
| БЕКИТЕМИН Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин «24»04_2023-ж № 157/22-8 Токтомуна тиркеме Төрага К.Джаныбеков
|
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2023-жылга карата
ИШ ПЛАНЫ
№ | Аткарылуучу иш чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуулар | |
I.Талас шаардык кеңештин сеcсияларында каралуучу маселелер | ||||
1 | Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2023-жылга каратаиш планын бекитүү жөнүндө | Iкв | Талас шаардык кенеши, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин туруктуу комиссиялары | |
2 | Талас шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын2022- жылга карата аткарылышынын жыйынтыгы жөнүндө отчету |
I кв | Талас шаарынын мэриясы, шаардык мекеме уюм, ишканалары; Талас каржы башкармалыгы | |
3 | Талас шаарынын 2023-жылга карата жергиликтүү бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө. | I кв | Талас каржы башкармалыгы; Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы;
| |
4 | 2022-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан (превышение) акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө. | I кв. | Талас каржы башкармалыгы; Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| |
5 | Ар кандай маселелер | I кв | Депутаттардын Талас шаардык кенеши
| |
1 | Талас шаарындагы жаш өспүрүм балдардын спорттук мектептеринин жалпы ишмердүүлүгү жана реформалык иш аракеттердин жыйынтыгы жөнүндө | II кв. | Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча туруктуу комиссиясы ;
| |
2 | Талас шаарынын мэриясынын жаштар саясаты боюнча 2023-жылга карата иш аракеттери жөнүндө | II кв | Талас шаарынын мэриясы, Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча туруктуу комиссиясы ; Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы
| |
3 | Талас шаарындагы Коммуналдык кызмат көрсөтүү, Муниципалдык менчик башкармалыгы, “Таза-суу”, “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканалары боюнча 2021-2022-жылдарда кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндө | II кв | Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясы; Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы;
| |
4 | Талас шаардык Балдарга билим берүү борборунун жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө | II кв | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы
| |
5 | Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жалпы ишмердүүлүгүжана мектептердин материалдык –техникалык базасын чыңдоо жөнүндө | II кв. | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы;
| |
6 | Талас шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө | II кв. | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы;
| |
7 | Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2022-жылда аткарган иштери жана кабыл алынган токтомдордун аткарылышы боюнча туруктуу комиссиялардын отчеттору | II кв. | Депутаттардын Талас шаардык кенеши; | |
8 | Ар кандай маселелер | II кв
| Депутаттардын Талас шаардык кенеши | |
1 | Талас шаарынын социалдык -экономикалык жана маданий жактан өнүктүрүү программасынын 2023-жылдын 6 айында аткарган иш аракеттери жөнүндө | III кв
| Талас шаарынын мэриясы,шаардык мекеме уюм, ишканалары.
| |
2 | Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 6 айынын аткарылышы жана кирешенин чыгашадан ашкан же үнөмдөлгөн суммасын тактоо жөнүндө | III кв
| Талас каржы башкармалыгы; Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| |
3 | Талас шаарында калктын саламаттыгын санитардык эпидемиологиялык жактан тейлөө кызматынын жана Талас райондук ветеринардык башкармалыгынын Талас шаарында антисанитардык багытта жүргүзгөн иш аракеттерине көзөмөл жөнүндө
| III кв
| Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы; Өнөр-жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясы | |
4 | “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата аткарылган иш аракеттеринин жыйынтыгы жана шаарга сугат суу системасын киргизүүнүн абалы жөнүндө | III кв
| Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясы; | |
5 | Талас шаарынын мэриясынын “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржыланган долбоорлорунун аткарылышы жана 2023-жылга карата тандалган долбоорлорду август-сентябрдан кечиктирбей сунуштоо жөнүндө | III кв
| Талас шаарынынмэриясы, Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| |
6 | Талас шаардык маданият бөлүмү жана А.Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө | III кв | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы;
| |
7 | Талас шаардык жылуулук менен камсыздоо, Талас шаардык электр тармактар ишканаларынын жана Талас шаардык билим берүү тармагынын 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыктары жөнүндө | III кв | Өнөр-жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясы | |
8 | Жергиликтүү бюджетти үнөмдөө жана туура пайдалануу максатында бюджеттен каржыланып, ишке ашырылган долбоорлорду көзөмөлгө алуу жөнүндө | III кв | Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| |
9 | Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы жана муниципалдык обьектилеринин жер аянттарды ижарага берүү боюнча электрондук базасы жөнүндө | III кв | Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| |
10 | Талас шаардык Архитектура, Талас регионалдык Архитектура жана курулушту контролдоо башкармалыктарынын (ГАСК) жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө
| III кв.
| Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясы; | |
11 | Ар кандай маселелер | III кв
| Депутаттардын Талас шаардык кенеши
| |
1 | Талас райондор аралык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын Талас шаарында аз камсыз үй-бүлөлөргө даректүү жөлөк пул чектөө боюнча иш аракеттери жана социалдык долбоорлор жөнүндө | IV кв | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы | |
2 | Талас шаардыкүй бүлөлүк медициналык борборунун жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө | IV кв | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы
| |
3 | Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жалпы ишмердүүлүгү жана социалдык долбоорлорду (жол, парк, балдар аянтчалары, скверлер) ишке ашырууда курулуш нормаларынын сакталышы жөнүндө | IV кв | Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясы;
| |
4 | Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын жалпы ишмердүүлүгү жана муниципалдык обьектилеринин жер аянттарын толук инвентаризациялоо жөнүндө | IV кв | Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясы;
| |
5 | Талас шаардык “Таза-суу” муниципалдык ишканасынын жалпы ишмердүүлүгү жана калктын таза суу, саркынды суу түйүндөрүнө кошулуу боюнча макулдашуу тартибинин абалы жөнүндө | IV кв | Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясы;
| |
6 | Ар кандай маселелер | IV кв
| Талас шаардык кенеши | |
II.Шаардык кенештин аппаратынын милдеттери | ||||
1 | Шаардык кеңештин сессияларын өткөрүү жана ага карата иш кагаздарын өз убагында камсыз кылуу жана жоболоштуруу | Дайыма | Шаардык кеңештин аппараты | |
2 | Шаар тургундарынан келген каттар, арыздар, кайрылуу, өтүнүчтөр менен иштөө | Дайыма | Шаардык кеңештин аппараты, туруктуу комиссиялар | |
III. Шаардык кеңештин депутаттарыжана туруктуу комиссиялары менен иштөө | ||||
1 | Туруктуу комиссияларды, депутаттарды КР Президентинин Указдары, Мыйзамдары жана Министрлер кабинетинин токтомдору менен камсыз кылуу. | Дайыма |
| |
2 | Ар бир туруктуу комиссиянын сессияларда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдүккө алуу | Жыл башында | Талас шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары | |
3 | Талас шаарынын депутаттарынын республиканын башка шаарлардын жергиликтүү кенештери менен тажрыйба алмашуу иш чараларын уюштуруу | Жыл ичинде | Талас шаардык кеңеши | |
4 | Талас шаарынын депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушууларын уюштуруу | Жыл ичинде | Талас шаардык кенеши, Талас шаардык мэриясы | |