ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХIX сессиясы
2023-жылдын 10-апрели № V
Папан айыл өкмөтүнө 2021-жылдын 1-январынан 31-декабрь аралыгында бюжеттин түзүлүшүнө жана жүргүзүлгөн КРнын эсептөө палатысынын Ош шаары, Ош,Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХIХ сессиясы күн тартибиндеги КРнын эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январынан 31-декабрына карата мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин 22-март 2023-жылдын №01-8/5 сандуу каты боюнча маселени карап жана талкуулап токтом кылат:
1.Мурдагы аудиттин жыйынтыгы менен аныкталган 123,9 миң сомду кошуп жеке ишкер Т.Жамалов тарабынан бюджетке кайтаруу үчүн айыл өкмөт тарабынан чаралар көрүлсүн.
2.Материалдык баалуулуктардын,ар-түрдүү берүүчүлөр менен эсептешүү боюнча бухгалтердик эсептик жүргүзүү КР нын финансы министрлигинин бухгалтердик эсепти жана финансылык отчёттулукту жүргүзүү талаптарына ылайык иш алып барылсын.
3.Папан айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөөдө,КРнын салык кодексинин жана КРнын өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы №385 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Нускаманын» талаптарына ылайык салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнсүн.
4.Курулуш иштерин сатып алууга конкрустарды өткөрүүдө,документтерди даярдоо этабынан тартып,конкрустук тапшырмаларды баалоо иштерине чейин,курулуш иштери боюнча тийиштүү билими бар адистердин катышуусу камсыздалсын.
5. «Папан айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы М Абдрасулов атындагы маданият үйүнүн спорт залын кезектеги оңдоо» объектиси боюнча «Рем Спец Строй» ЖЧКсы тарабынан аткарылган 388,3 миң сомдук иштердин ичинен 89,5 миң сомдук негизсиз кабыл алынган иштер подрядчынын эсебинен кайтарылсын.
6.Папан айыл өкмөтүнүн Кожо-Келен айылындагы фельдшердик акушердик пункт куруу объектиси боюнча аныкталган 138,0миң сомдук «Ясин Курулуш»ЖЧК тарабынан аткарылбаган иштери жана башка кемчилдиктерин мыйзам чегинде курулуш талаптарына ылайык аткартуу айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.
7.Папан айыл өкмөтүнө караштуу Бөрү айылына фельдшердик акушердик пункт куруу объектиси боюнча «Өрт учурунда сигнал берүүчү жабдуулар» бөлүмүндө каралган 4,2 миң сомдук иштер толук аткарылуусун көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысына миилдеттендирилсин.
8.КРнын эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Папан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январынан 31-декабрына карата мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчётунда көрсөтүлгөн кемчилдиктерге жол берген тийиштүү кызматкерлерге чараларды көрүү каралсын жана мындан ары жол берилбеши айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
9.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Тагаев |