ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХIX сессиясы
2023-жылдын 10-апрели № VI
Папан айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы бала-бакчага балдар ойноо аянтчасын куруу жөнүндө
Папан айылдык кеңеши 2023-жылдын 10-апрелинде Кызыл-Туу айылынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушун карап талкуулап токтом кылат:
1. Папан айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы бала бакчага Ош облусунун региондорду өнүктүрүү фондунан каралган 804169 (сегиз жүз төрт миң бир жүз алтымыш тогуз ) сомго, бала бакчанын алдына балдар ойноо аянтчасын куруу үчүн,айыл өкмөт тарабынан смета түзүлүп,Ош облустук региондорду өнүктүрүү фондунан суралсын.
2. Сметалык документтерди жана проектерди даярдап, токтомдун ишке ашырылышын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана инвеститция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Тагаев |