БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 22-отуруму
2024-жылдын 24-январы №22/5
Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Оро-Дөбө айылындагы курулуп жаткан эс алуу жайды иштетүү үчүн убактылуу берүү жөнүндө
Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Оро-Дөбө айылындагы жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен курулуп жаткан эс алуу жайды толук бүткөрүп, иштетүү үчүн жана убактылуу берүү максатында Будалык айылдык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Оро-Дөбө айылындагы жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен курулуп жаткан эс алуу жайды иштетүү үчүн убактылуу берүү жөнүндө көпчүлук депутаттардын макулдугу менен Оро-Дөбө айылынын тургуну Алиев Самат Маматовичке иштетүү үчүн убактылуу ( мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) берилсин.
2. Эс алуу жайдын бүткөрүлө элек жактарын, кошумча долбоорлорду жазуу менен спорт аянчасын, бассейин курууну толук бүткөрүү Алиев Саматка жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы К.А.Мусабаевге милдеттендирилсин.
төрага | Арапбай уулу Улан |