ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2023-жылдын 24-апрели № 158/22-8
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин функционалдык милдеттерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдыккызмат жөнүндө” Мыйзамынын 14-беренеси, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламентинин негизинде, карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин муниципалдык кызматкерлеринин функционалдык милдеттери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Төрага | К.Джаныбеков |
|
| БЕКИТЕМИН Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин №158/22-8 токтому төрага К.Джаныбеков |
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин аппаратынын функционалдык милдеттери
Шаардык кеңештин төрагасы
· Кеңештин сессиясын чакырат жана ага төрагалыккылат, кеңештин чечимдерине жана буйруктарына кол коет,алардын аткарылышына көзөмөлдүк кылат;
· Шаардык кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессияга сунуштайт;
· Шаардык кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик кылат жана маселелерди алдын ала кароо, алар боюнча тийиштүү корутундуларды чечимдерди чыгарып, шаардык кеңештин сессиясына киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;
· Шаардык кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына, аткарылышына көзөмөлдүк кылат;
· Кеңештин туруктуу жана башка убактылуу комиссияларынын, депутаттык фракциялардын иштерин координациялайт;
· Депутаттарга өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууда, шаардын жашоочуларын кабыл алууда,шайлоочуларга отчет берүүдө көмөк көрсөтөт жана уюштурат;
· Шаардык кеңештин фракцияларынын, туруктуу комиссияларынын ичинде ачык айкындуулукту камсыз кылат;
· Мамлекеттик органдар, шаардык өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамилелерде кеңештин атынан чыгат;
· Жарандардын шаардык кеңешке жолдогон арыздарын, даттанууларын, кайрылууларын карайт жана кеңештин туруктуу комиссияларына кароого жөнөтөт;
· Шаардык кеңештин бекитилген бюджетине жана чыгымдар сметасына ылайык, шаардык кеңешке бөлүнгөн каражаттарды пайдаланат;
· Шаардык кенештин жергиликтүү коомдоштуктар, аймактык коомдук өзүн өзү башкаруу органдары, мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмчөлөрү жана тиешелүү аймакта жайгашкан башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;
· Шаардык кенештин анын органдарынын аброюн, депутаттардын ар намысын жана кадыр баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;
· Ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет;
· “InfoDocs” электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешине келип түшкөн жогору турган органдардан,мекеме уюмдардан жана жарандардын кайрылууларын тиешелүү аткаруучуларга жөнөтөт жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт;
· Төрага өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу жөнүндө арыз берүүгө укуктуу, мындай учурларда чечим шаардык кенештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүүдө кабыл алынат.
· Шаардык кеңештин аппаратынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматкерлеринин этика жөнүндө Жоболорун, нормаларын жана мамлекеттик жана кызматтык сырды мыйзам чегинде сактоого тийиш.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары
· Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон (иш сапар, өргүү, ден-соолукка байланыштуу ж.б.) учурларда анын иш милдеттерин аткарат, ошондой эле шаардык кеңештин төрагасынын тапшыруусу боюнча сессияларды алып барат жана токтомдорго кол коет;
· Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын ишин уюштурат жана багыттайт, алардын өз ара аракеттерин координациялайт;
· Талас шаарында жайгашкан жергиликтүү коомдоштуктар жана башка юридикалык жактар менен тыгыз байланышты жүргүзөт;
· Талас шаардык кенешинин Регламентинде жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка милдеттерди аткарат;
· Шаардык кеңештин аппаратынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматкерлеринин этика жөнүндө Жоболорун, нормаларын жана мамлекеттик жана кызматтык сырды мыйзам чегинде сактоого тийиш.