Редакцияот 17.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы

2021-жылдын 17-сентябры № 6-1

Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын айылдарындагы жаңы конуштарынын көчөлөрүнө ат кою жөнүндө

Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Үч-Бай, Атамерек, Ак-Чабуу, Камал-Ата жана Чүчүк айылдарындагы жаңы конуштарынын көчөлөрүнө ат кою жөнүндөгү айылдарда өткөрүлгөн жалпы жыйындык протоколдорунун жана арыздарынын негизинде Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Т.Зулпуев атындагы айыл аймагына караштуу Үч-Бай айылындагы Артылма бөлүмүндөгү көчөгө “Артылма”, Атамерек айылынын “Какыр” бөлүмүндөгү көчөгө “Достук-21”, Ак-Чабуу айылынын Ак-Талаа бөлүмүндөгү көчөгө “Ак-Талаа”, Камал-Ата айылындагы жаңы конушундагы көчөлөргө “Камал-Ата-1” жана “Камал-Ата-2”,Чүчүк айылынын Таш-Короо бөлүмүндөгү көчөлөргө “Таш-Короо”, “Таш-Короо-1”, “Кирпичный”, “Ыйман ” көчөлөрү болуп аталсын.

 

2. Ушул токтомдун түп нускамасын кадастр мамлекеттик мекемесине жана Ноокат райондук шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалыгына маалымат иретине жиберилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңешинин мыйзамдуулук укук, мандат, диний иштер, миграция, депутаттык этика экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж.Назаров