Редакцияот 24.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы

2023-жылдын 24-апрели  № 159/22-8

 

Талас шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 2022-жылга карата аткарылышынын жыйынтыгы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту жана 48-беренесинин 1-бөлүмүнүн 12-пунктуна ылайык, Талас шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 2022-жылга карата аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчетун угуп, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 2022-жылга карата аткарылышынын жыйынтыгы “канаттандыраарлык” деп табылсын.

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.

 

 

Төрага

К.Джаныбеков