ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-июлундагы № 1
Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 19-июлундагы болуп өткөн VIII-чакырылышынын 6-сессиясында Өзгөрүш айыл аймагындагы Ү. Акынбеков атындагы орто мектебинин эски чатырын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча АРИСтин Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында жергиликтүү бюджеттен 292 000 миң сом каражат өздүк салым кароо жөнүндө маселесин карап, талкуулап чыгып, Өзгөрүш айылдык кеңеши
Токтом кылат :
1. Өзгөрүш айыл аймагындагы Ү.Акынбеков атындагы орто мектебинин эски чатырын ремонттон өткөрүү боюнча АИД-3 долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым бөлүнүп берилсин.
2. Маданият үйүн менчиктен чыгарып сатып алууга каралган чыгашадан ашкан кирешеден, 1 миллион сом каражатын ичинен АИД-3 долбооруна 292 000 сом акча каражаты бөлүштүрүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы З. Надырбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Бечелов |