Редакцияот 17.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы

2021-жылдын 17-сентябры № 6-6

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 2- жана 4-пунктуна таянып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.   2021-жылдын айыл өкмөтүнүн бюджетине 704-башка категорияларга байланыштуу экономикалык маселесинин 2215-башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу статьясындагы -450,0миң сомду төмөнкү статьяларга

 

Ø  701 аппараттын 2211 –жол чыгымдарына +50,0 миң сом

Ø  709 орто мектептин 2221 –орто мектептин техникалык оңдоого +400,0 миң сомун которуп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.   Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду максаттуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы С.Мурзакуловго жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу М.Абдыраимовага милдеттендирилсин.

 

3.   Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөсү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага :

Ж.Назаров