Редакцияот 15.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 15-майы №38/147

Кызыл-Кыя шаарынын Восток-2 кичи районундагы ИИН-8040400021832 номериндеги 3,0 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК га мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө

 

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126 тескемесин аткаруу максатында, шаардык кеңештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 13-майындагы № 50 протоколун жана Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Ж.Курбановдун 2024-жылдын 8-майындагы № 01-8/1211 катын эске алып,  Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  кылат:

 

  1. Кызыл-Кыя шаарынын Восток-2 кичи районундагы ИИН-8040400021832 номериндеги 3,0 га жер тилкеси “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК га мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.
  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКга Кызыл-Кыя шаарынын Восток-2 кичи районуна ипотекалык үйлөрдү курууда социалдык объектердин: бала бакча, мектеп, балдар аянтчаларын куруу боюнча сунуш кат жөнөтүлсүн.
  1. Ушул токтомдун 1-2-пункттарын аткаруу жана тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жагы Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковго жүктөлсүн.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Ж.Калматов