АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши
2021-жылдын 28-апрели № 3/1
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн бюджетине жыл ичинде кошумча түшкөн акча каражатты кароо жана бюджетте каралган акча каражатты статьядан статьяга жылдыруу жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы
жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн эсебине салыктын “Жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн дагы башка төлөмдөр” түрүнөн келип түшкөн 245,0 миң сом акча каражатын жана раскол куруу үчүн каралган акча каражатынан калган 29 000 сом калдык акча каражаты маданият үйүнүн ички ремонт иштерин жазоо үчүн каралып берилсин.
2.Ак-Моюн айыл өкмөтүнө тиешелүү камаздын ижара акысынан түшкөн 120 000 сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнсүн:
1. С.Мурзакматов орто мектебине генератор алууга 50,0 миң сом.
2. Союз МСУга 7,0 миң сом.
3. Айыл чарба жерлерин ченөө үчүн GPS алууга 10,0 миң сом.
4. А.Койчуманов орто мектебинин спорт залына киребериш куру үчүн 53,0 миң сом.
Баары: 120 000 (жүз жыйырма миң) сом.
3.2021-жылдын калдык акча каражатынан карлган акча каражаттары бир статьядан, башка жетишсиз статьяларга жылдырылып берилсин.
4.Бул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
Төрагасы: | К.Асаналиев |